Жаңылыктар
Күндүн темасы: №20 мектептеги окуя коомчулуктагы чоң көйгөйдү көрсөттү
Билим
Күндүн темасы: №20 мектептеги окуя коомчулуктагы чоң көйгөйдү көрсөттү

№20 мектепте окуучуга кол көтөргөн мугалим арызын жазып иштен кетти. Бул тууралуу  Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя Бишкектеги №20 мектепте математика сабагы жүрүп жатканда болуп, мугалим 7-класстын окуучусун "жазбай, күлүп отурасың" деп урушкан. Учурда окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Эске салсак, социалдык тармактарда мугалимдин сабак аткарбай отурган окуучуну ур-ткомокко алып жаткан видео тараган. Бул окуя жарандардын кызуу талкуусуна алынып, эки тарапты тең колдогондор чыккан.

Уктурууга: Билим берүү министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гульнара Ибраимова, №38 гимназия мектебинин психологу Асел Сүйүмбаева №20 мектептин ата-энелер комитетинин мүчөсү Элмира Байгазиевалар катышты. 

Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"