Жаңылыктар
Парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитти
Саясат
Парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитти

Жогорку Кеңеш бүгүнкү кезексиз жыйынында жаңы өкмөттүн тутумун, курамын жана программасын жактырды.

Мамлекет башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевди премьер-министр кызматына дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Аткаруу бийлигинин алып бара турган иштери камтылган программаны эл өкүлдөрүнө өкмөт башчылыкка талапкер Мухаммедкалый Абулгазиев сунуштап, узакка созулган суроо-жооп, талкуудан кийин парламент аны бир добуштан колдоп берди. 


Кезексиз жыйындын күн тартибинде бир гана маселе. Өкмөттүн программасын угуп, министрлер кабинетинин жаңы курамын жана тутумун талдоо. Бул жолу дагы депутаттардын кароосун талап кылган дагы бир маселе жаралды. Ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп кызматынан кеткен мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жергиликтүү телеканалдардын бирине маек куруп, “Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланды” деп билдирүү жасаган. Ата Мекен фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев парламент буга өз пикирин билдириши керек деп, анын жол-жобосун аныктоону төрагадан талап кылды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот, укук маселелери комитетине өкмөттүн программасын Мухаммедкалый Абулгазиев тааныштырды. Депутаттар аткаруу бийлигинин мындан аркы кадамдарына, өкмөт курамындагы өзгөрүүлөргө өз пикирлерин билдиришип, кызуу талкуу жүрдү. Комитет мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева көп сандаган суроолор менен бирге жаңы өкмөткө каалоо тилектер да айтылганын билдирди.

Эл өкүлдөрү өкмөттүн программасы, анын курамы жана тутумуна жалпысынан канааттанды. Премьер-министрдин сөзүнөн кийин суроо-жооптор башталды. Өз кезегинде эл өкүлдөрү да өкмөттүн алгачкы кадамдары жана биринчи кезекте аткарыла турган жумуштары тууралуу пикирлерин билдиришти. Анын бири сот укук коргоо тармагында реформа жасоо.


Депутаттардын суроо-жообу дээрлик кечке чейин уланды. Эл өкулдөрүн кызыктырган бардык тармактар боюнча суроолор берилип, жооптор алынды. Андан кийин маселе добушка коюлуп, жыйынтыгында Өкмөттүн программасына жыйынга катышкан 115 депутаттын баары "макул" деген добушун берсе, анын курамына жана тутумуна 114ү "макул", бирөө "каршы" добушун берип, жаңы өкмөттү бекитти. Ушул эле күнү Президент Сооронбай Жээнбеков Мухаммедкалый Абулгазиевди мурда ээлеген кызматынан бошотуп, Премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.