Жаңылыктар
Кара-Суу базарында өрт коопсуздугу сакталган эмес
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Суу базарында өрт коопсуздугу сакталган эмес

Кара-Суу базарында өрт коопсуздугу сакталган эмес. Мындай бүтүмдү Өрткө каршы башкармалык менен райондук экологиялык техникалык инспекциянын өкүлдөрү чыгарды. 

Буга базардагы өрт өчүрүүчү унаалар өтүүчү тилкеде жайгашып алган соода түйүндөрү негиз болду.

Талапка ылайык, өрт өчүрүүчү унаа базардын кире беришинде жайгашкан миң тонналык суу көлмөгө жетиши керек. Унаа 20 метрдей да жыла албай токтоп калды. Кире бериштеги чаржайыт илинген темир тосмо, кийим илгичтер, тоскоолдук жаратты. 

Базардагы үч суу көлмөсүнүн биринин минтип соода орунуна айланганына көп жыл болду. Тийиштүү кызматтардын жыл сайын берген эскертүүлөрүнөн майнап чыкпай келет. Сарай айыл өкмөтү ишкер менен биргеликте, 20 метр кубдук суу көлмө куруп берген.Ал жакка унаа өтө албаганын айткан адистер,муну жоопкерчиликтен кутулуунун бир амалы экенин айтышат. 

Жалпысынан базарда өрт өчүрүүчү унаа өтүүчү негизги 6 чоң өтмөк жол бар. Тилекке каршы, булардын баары дал ушундай көрүнүштө. Кызыл тилкедеги 6 метрлик аралык эч жерде сакталган эмес.

Атайын түзүлгөн комиссия, орун алган олуттуу мыйзам бузуулар боюнча акт түзүштү. Базардын мындан аркы өрт коопсуздугуна жооп бере алаар, албашы райондун жетекчилигине жүктөлөт. Дегинкиси, кабыл алынган акт кагаз жүзүндө эле калбаса болгону.