Жаңылыктар
Пристань айыл өкмөтүнүн тургундары айыл жетекчилигине нааразы
Аймак
Пристань айыл өкмөтүнүн тургундары айыл жетекчилигине нааразы

"Каракол шаарына караштуу Пристань айылы аймактарды өнүктүрүү жылына карата эч кандай өнүгүү программасын кабыл алган жок". Мына ушундай пикирин айткан айыл эли Каракол шаарынын мэриясына нааразы.  

Бул айылда таза суу жок, көчөлөр жарыктандырылган эмес. Андагы завод менен бир чоң ишкана жабылгандан бери жумушсуздук күч алып, тургундар башка аймактарга барып жалданма жумуштарда иштеп келүүгө аргасыз. 

Каракол шаарына караштуу Пристань айылына келгенде союз таркагандан кийинки оор мезгилге кайрылгандай болосуң. Социалдык объектилер талкаланып, тонолгон. Элеттиктердин күнүмдүк турмушу эптеп жан багуу менен өтөт. Жергиликтүү жетекчилер анда-санда келгени болбосо эч өзгөрүүсүз жашоо агымы өтүп жатат.


Мэрияга караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгы 2013-жылдан бери көлдүн жээгин ижарага берип, аны менен талашып-тартышып келе жатат. Ижара акысы да казынага толук түшкөн эмес. Бул боюнча соттук иштер жүрүп, акыркы чечими чыккан. Ал эми жээктин тазалыгына, көрктөндүрүү, иретке келтирүү иштерине мэрия көңүл бурбайт. Жээктеги унаа токтотуучу жайдын дубалдары кулап жатканына көп болду. Мындай мамиледен тажаган айыл эли өлкө башчысына кайрылууга мажбур болуп турабыз дешет. Бул багытта Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев Пристанга окшогон айылдар Кыргызстанда жүздөп саналат деп маалымат берүүдөн баш тартты. 

Каракол шаардык муниципалдык мүлк башкармалыгы көл жээги боюнча ижара акысына жыл сайын жүз миң сомдон алып турмак. Бирок 2013-жылдан бери ушундай жыйынтыкка гана ээ болду.