Жаңылыктар
Бишкекте алгачкы жолу көчө музыкалык аспаптары жайгаштырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте алгачкы жолу көчө музыкалык аспаптары жайгаштырылды

Бишкекте алгачкы жолу көчө музыкалык аспаптары жайгаштырылды. Экинчи жолу өмүр тартууланган музыкалык аспаптар борбор калаанын Жаштар аллеясына орнотулду. 

Көчөгө музыкалык аспаптарды орнотуу ойу Айдайга таандык. Ал шаардыктар менен меймандарга жана чыгармачылыгы жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга ушул жердеги музыкалык аспаптар
шыкак болсо дейт.

Жаштар аллеясына орнотулган музыкалык аспаптар глюкофон, трубофон, ксилофон жана ковбелло. Аспаптардын баары жыгач жана колдонуудан чыккан темир буюмдарынан жасалып, экинчи жашоого ээ болду.

Шаардыктар үчүн бул белекти Бишкектин 140 жылдыгынын урматына "Жаштарды өнүктүрүү институту" Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте жасады. Көчө музыкалык аспаптарынын ачылышында жаш аткаруучулар өнөрлөрүн да келгендерге тартуулашты. Элдин маданиятын жогорулатуу, шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында мындай аракеттер дагы уланарын уюштуруучулар белгилешти.