Жаңылыктар
Бишкекте “Таза жашоо” өнөктүгү уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Таза жашоо” өнөктүгү уланууда

Бишкек шаарындагы Ленин районунда “Таза жашоо” өнөктүгү уланууда. Райондун аймагында орун алган мамлекеттик ишканалардын жана жеке компаниялардын кызматкерлери өз эсептеринен көчөттөрдү сатып алып, Ак Өргө конушундагы эс алуу жайларына жана жол жээктерине отургузушту. 

Жалпысынан 500 гө жакын көчөттөрдүн түрүн тиккенге 100 дөн ашуун кызматкер катышты. Эми тигилген дарактарды мындан ары кууратпай, сугарып туруу жоопкерчилиги жергиликтүү бийликке жүктөлдү.