Жаңылыктар
Талас: "Көңүл бургула! Жөө адам" аталышындагы рейд өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Талас: "Көңүл бургула! Жөө адам" аталышындагы рейд өттү

"Көңүл бургула! Жөө адам". Мына ушундай аталыштагы жол коопсуздугу боюнча рейд Талас шаарында өттү. Текшерүүнү Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы шаардык мектептердин окуучулары менен бирге уюштурду. Жаш жол кайгуулчулар жол эрежесин сактабаган жөө адамдарды тосуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Талас шаардык борбордук аянттан жарым саат ичинде эле 20дан ашуун жөө адам эреже бузуп, тыюу салынган тилкелерден өткөнү катталды. 

Мындан тышкары, облустун негизги каттам жолунун жээгиндеги мектептердин окуучуларына да жолдо жүрүү эрежелери тууралуу түшүндүрмө берилди. Мындай иш-чараларды уюштуруунун максаты - окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөтүү жана коопсуздукту сактоого багытталат.