Жаңылыктар
Ала-Арча капчыгайында аскадан учуп кеткен альпинист оор абалда ооруканага жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Арча капчыгайында аскадан учуп кеткен альпинист оор абалда ооруканага жеткирилди

Чүй облусундагы Ала-Арча капчыгайында аскадан учуп кеткен альпинист оор абалда ооруканага жеткирилди. Учурда Бишкектеги жеке бейтапканалардын биринде дарыланууда. 

Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык тууралуу куткаруу кызматына 20-апрелде түнкү саат 11де кабар түшкөн. Кырсыктаган альпинист Швециянын жараны, 32 жашта экени маалым болду.