Жаңылыктар
Юридикалык академияда кылмыш иликтөө боюнча турнир өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Юридикалык академияда кылмыш иликтөө боюнча турнир өттү

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Тергөө-криминалистика факультетинде 5 жылдан бери студенттер арасында турнир өтөт. Бул жолу ага курамы 5 кишиден турган 4 команда катышты. 

Студенттер кылмыштын бетин ачуу боюнча иш алып баруу ыкмасын калыстарга көрсөтүп беришти. Факультет соттук экспертиза боюнча адистерди даярдап чыгат.

Топтун курамын 1 тергөөчү менен 2 студент жана 2 мектеп окуучусу түзөт. Алар жашыруун изди иликтеп, октор кайсы тапанчага таандык экендигин аныктап, протокол түзүү сыяктуу 8 багыт боюнча билим деңгээлин көрсөтүштү.


Турнирге тажрыйбалуу эксперттерден турган калыстар тобу көз салып турду. Соңунда жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланды. Бул жолку машыгуу кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган. Эскерте кетсек, криминалистикалык лаборатория өлкө боюнча юридикалык академияда гана бар.