Жаңылыктар
Бишкектин 140 жылдыгына арналган шахмат боюнча шаардын кубогу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин 140 жылдыгына арналган шахмат боюнча шаардын кубогу башталды

Ордо калаада Бишкектин 140 жылдыгына арналган шахмат боюнча шаардын кубогу башталды. Мелдешке шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери жана жөн эле шахмат спортун сүйүүчүлөр катышууда. 

Жалпысынан мелдеште 120 адам күч сынашууда. Мелдеш тез таймаш шахматы боюнча өтүүдө. Бир оюнга 10 мүнөт + 3 секунд берилет. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды багынткандар кубок, медаль, диплом жана жагымдуу белектер менен сыйланат.

“Турнирдин башкы максаты - шахматты жайылтуу. Ошондой эле катышуучулар арасында, мэрия жана башка кызматтардын кызматкерлеринин достук мамилесин бекемдөө. Мындан сырткары, интеллектуалдык тарбиясы абдан чоң. Турнирге катышып жаткан эл өкүлдөрү келечек муунга, шаар тургундарына үлгү болуп, акыл таймашында өз ийгиликтерин көрсөткөнү абдан жакшы”,- деп билдирди  Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов.