Жаңылыктар
Жашыруун иш алып барган кумаркана табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жашыруун иш алып барган кумаркана табылды

Жалал-Абад шаарында кумаркана жашыруун иштеп келген. Мындай маалыматты Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматынан билдирди. Оюн залынын атын жамынган кумаркана Жалал-Абад шаардык мэриясынын бет маңдайында жайгашкан. 

Бул оюн клубунда компьютердик программанын жардамы менен кумар оюндары ойнотулчу, - деп кабарлайт Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы. 

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Клубдагы компьютерлер жана акчалар далил катары алынды.