Жаңылыктар
Кабулдагы жанкечтинин жардыруусунан 57 адам каза болду
Дүйнө
Кабулдагы жанкечтинин жардыруусунан 57 адам каза болду

Кабулда шайлоочуларды каттоо борборунда жардыруу болду. Жанкечтинин жардыруусунан 57 киши набыт болуп, 119га жакыны жарадар болгону маалымдалууда.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нажиб Данештин айтымында, бомба парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин алууга келген адамдар кезекте турган жерде жарылган. 

Өлгөндөрдүн арасында 21 аял жана беш бала бар. “Ислам мамлекети" экстремисттик уюму шииттер үстөмдүк кылган райондогу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. 

Ооган президенти Ашраф Гани жардырууну айыптап, мындай окуялар “бизди демократиялык процесстерден жана максаттарыбыздан кайтара албайт” деди. 

14-апрелде добуш берүүчүлөрдү каттоо борборлору ачылгандан бери бир нече кол салуу болду. Паралменттик шайлоо болсо октябрда өтөрү пландалган.