Жаңылыктар
"Дарак ыры" тасмасы Москвада өткөн фестивалда жогорку деңгээлде бааланды
Маданият
"Дарак ыры" тасмасы Москвада өткөн фестивалда жогорку деңгээлде бааланды

Тасма жаратуучулардын маалыматында "Дарак ыры" кино дастаны Москвадагы эл аралык кинофестивалда эң жогорку деңгээлде бааланган. 

Фестивалга тандалган фильмдерге талап катуу коюлуп, алардын баардыгы атайын чакырылган  эл аралык кино талдоочу, режиссер, продюсер жана журналисттердин сынына коюлган. 

Фестивалдын  директору Кирилл Разлогов тасманы жеке өзү тааныштырып, кийин аягына чейин көрүп олтурган. Ал,  фильм фестивалга катышкандардын ичинен сенсация жарата алган тасма болду, деген пикирин калтырган.

Эске сала кетсек, "Дарак ыры" тасмасы Кыргызстанда тартылган алгачкы мюзикл жанрындагы тасма катары 1-марттан көрөрмандарга тартууланып, ушул мезгилге чейин өлкөдөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлүүдө.