264 адамдын уулануусуна себеп болгон Бишкектеги “Ала-Тоо” рестораны жабырлануучуларга компенсация төлөй элек. Бул тууралуу “Биринчи радиого” жакындары тойдо ууланып ооруканага түшкөн угармандар билдирүүдө. Териштирүү бүткөнгө чейин деп жабылган “Ала-Тоо" рестораны учурда кайрадан кардарлары үчүн эшигин ачкан.
Ал эми Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын айтса, Республикалык санэпидепстанция тойкананын ээси айып пулду төлөп, имараттын ичи тазаланган кийин уруксат берилгенин айтууда.
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"