Жаңылыктар
Кыргызстандын адал азыктарын экспорт кылууга мүмкүнчүлүгү жогору
Экономика
Кыргызстандын адал азыктарын экспорт кылууга мүмкүнчүлүгү жогору

Экологиялык жактан таза, сапаттуу жана диний талаптарга да жооп берген адал продукциялар дүйнөлүк рынокко чыгууда. Алар негизинен араб өлкөлөрү. Жогорку сапаттагы этти эми башка мамлекеттерге да экспорттогонго жол ачылат. Сыртынан чакан көрүнгөн бул ишканада жумуш тынымсыз жүрүп турат. Жакында эле 500 тонна кой эти үчүн буйрутма алынган. Даярдалган продукция Иранга жөнөтүлөт. 

Эт бузулуп кетпеш үчүн аны сактап, ташууда ыңгайлуу логистикалык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошондой эле азык адал болсун деген негизги талап бар. Ишкана бул үчүн тиешелүү тастыктамага да ээ болгон. Дагы бир ишканага баш бактык. Бул жерде да баардык санитардык талаптар сакталып, адал азык даярдалат. Өндүрүлгөн товар азырынча өлкө ичинде гана сатылууда. Экспортту Казакстандан баштоо максат кылынган. 

Ишкананын Экономика министрлиги менен жеке компаниядан алган эки сертификаты бар. Адал азыктарды чыгарган артыкчылыгы үчүн 12 компания Экономика министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунун атайын сертификатын алган. 

Алар мал сойуучу жана этти кайра иштетүүчү ишканалар. Адистер адал азыктар базардын басымдуу бөлүгүн ээлейт деп боолголошот. Эң негизгиси берилип жаткан тастыктамалар оңду-солду таратылбай, ишканалардын абалы тыкыр текшерилип турушу керек.