Жаңылыктар
Мектептерде ысык тамак уюштурууда көйгөйлөр көп
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерде ысык тамак уюштурууда көйгөйлөр көп

Кыргызстанда мектептер менен бала бакчаларда ысык тамак уюштурууда көйгөйлөр көп. Бул туурасында балдар менен өспүрүмдөрдүн гигиенасы менен ооруларды алдын алуу маселесин караган Санэпидкөзөмөл департаментинин жылдык баяндамасында айтылды. Өлкөдөгү 4260 объектинин дээрлик жарымында санитардык талаптар аткарылбайт. Буга имараттардын борбордук суу түтүкчөлөрүнө кошулбаганын, таза суунун жоктугун жана ысык тамак даярдоочу жабдыктардын жетишсиздигин айтууга болот.

 Ошол эле маалда балдарга берилген тамак-аштын сапатында да маселелер бар. Санитардык дарыгердин айтуусунда, бир аз шарты жакшыраак мектеп менен бала бакчалар Бишкек менен Ошто. Бирок ошол эле Санэпид көзөмөл департаментинин жылдык баяндамасында, борбор калаадагы 121 мектептин 49унда ысык тамак даярдоодо тийиштүү шарттар жок. 

Ашканалардагы жабдууларды алмаштыруу зарылчылыгы курч. Тамак-аштын сапатына ата-энелерден нааразычылыктар аз эмес. Мисалга, эки жыл мурда ишке берилген Бишкектеги №182 балдар бакчасында тамакка нааразычылыгын Айнура Байтолоева аттуу эне фейсбуктагы баракчасына жазып, тамактын сүрөтү менен жайгаштырды. Анда түшкү тамак балдарга берилген этсиз макарон берилгенин ата-энелер көрүшкөн. 

Биздин чыгармачыл топ боюнча биз аталган бакчага барып, тамак-ашын көзүбүз менен көрүүнү чечтик. Бул бөлмөдө болсо кечки тамак даярдалып жатыптыр. Коомчулукка жарыяланган ызы чуудан кийинби же дайыма ушундай абалбы айтор, балдарга керектүү азыктардын баары бар экен. Кутудагы 60 кило эт балдардын бир күндө жей турган өлчөмү деп түшүндүрүштү. 

Бул бала бакчада күнүнө 650дөй бала тарбияланат. Балдардын тамагына шаардык бюджеттен 30 бөлүнөт, ата-энелер 30 сомдон акча төлөшөт. Былтыркы жылы Бишкектеги 74 мектепке санитардык абал боюнча эскертүү берилип, 43үнө тийиштүү талаптарды аткарбаганы үчүн айып салынган. Дагы үчөөнүн иши убактылуу токтотулган. 

Текшерүүдө бала бакчаларда берилген тамак ашта белок, май, углевод аз экени аныкталган. Ушундан улам Бишкектеги 80 бала бакчага эскертүү берилген. Эрежени бузгандыгы үчүн 77 жетекчи менен жоопкер тараптар айыпка жыгылган. Ал эми 182 бакчанын жетекчиси балдарга этсиз тамак бергени үчүн жумушунан четтетилди.