Жаңылыктар
Өткөн жылды зилзаладанЧоң-Алайда 630 турак үй авариялык абалган келген
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн жылды зилзаладанЧоң-Алайда 630 турак үй авариялык абалган келген

Өткөн жылдын жазындагы зилзаладан Чоң-Алай өрөөнүндө 630 турак үй жана 4 социалдык объект авариялык абалган келген. Бул учурда өкмөт тарабынан курулуш материалдары заводдун чыккан баасында же Оштун базарында сатылган арзан нарк менен жеткирилип турган. Ар тараптуу колдоонун натыйжасында, кыска убакыттын ичинде кайрадан башпаанек тургузууга мажбур болгон элеттиктердин көпчүлүгү азыр жаңы үйлөрүндө жашап жатышат.

Өткөн жылдын аптаптуу жайы менен быйылкы ызгаар кышты аймактык оорукананын дарыгерлери ушул төрт чарчы бөлмөдө өткөрдү. 3 койкалуу бөлмө, бейтаптарды жаш-карысына карабай кабыл алды. Бейтаптар дарыланчу бөлмөнүн бурчунда дарыгерлер кагаз иштерин аткарат. Эми бул кыйынчылыктардын баары артта калаарына саналуу күндөр калды. Авариялык абалга кептелген ооруканалардын ордуна ар бири 15 койкадан турган эки жаңы имарат түштү. 

Заманбап жабдууларды алып келүү гана калды. Ага чейин, курулуштун ремонт ишине жеңил оңдоп-түзөө жүргүзүлмөй болууда. Муну менен катар, аймакта курулуп жаткан эки типтүү мектепти жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Ал эми, өткөн жайда турак жай салууга үлгүрбөй калган 200дөй тургун курулушун баштоонун алдында турат. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы аймактагы 600дөн ашуун үйдү авариялык абалда деп тапкан.

Бул аракеттердин баары өкмөттү Сооронбай Жээнбеков жетектеп турган учурга туш келген. Өкмөт башчынын жеке тапшырмасы менен, кырсыктан жабыр тарткандар үчүн курулуш материалдары жерине завод баасында жеткирилип турган. Натыйжада, кыска убакыттын ичинде, же сентябрь айынын сонуна чейин жарандар жаңы үйлөрүн бүтүрүп, кирип алганга үлгүргөн. Жабыр тарткан үй-бүлөлөр үчүн мамлекет тарабынан жалпы: 26 млн.сом акча каражаты берилген.