Жаңылыктар
Дарья Маслова Душанбе жарым марафонун жеңип алды
Спорт
Дарья Маслова Душанбе жарым марафонун жеңип алды

2018-жылдын 21- апрелинде Душанбе (Тажикстан) шаарында, 15 мамлекеттин жөө күлүктөрүнүн катышуусу менен жарым марафон боюнча эл аралык мелдеш өттү. Биздин өлкөнүн атынан аталган мелдешке төрт спортчу катышкан.

№ ААА Туулган жылы Спорттук наамы
1 Маслова Дарья 1995 ЭДСЧ
2 Тяпкин Илья 1991 ЭДСЧ
3 Коробицкая Мария 1990 ЭДСЧ
4 Кыштакбеков Адилет 1993 СЧ

Жарыштын жыйынтыгында Дарья Маслова 1 саат 13 мүнөт жана 28 секунд көрсөткүчү менен Душанбе жарым марафонунун жеңүүчүсү болду. Дагы бир кызыбыз Мария Коробицкая бешинчи болуп мара сызыгын кесип өткөн. Анын жыйынтыгы 1 саат 18 мүнөт жана 58 секунд.

Эркектер арасында мелдешке катышкан спорчуларыбыздын жыйынтыгы да жаман эмес. Адилет Кыштакбеков эки Кениялык жана бир Эфиопиялык жөө күлүктү алдыга өткөрүп, 1 саат 7 мүнөт жана 5 секундда мара сызыгын басып өткөн. Дагы бир мекендешибиз Илья Тяпкин Адилетке болгону 10 секунд уттуруп бешинчи болуп марага келди.

Дарья Маслова Душанбе жарым марафонун экинчи жолу утуп алды. Буга чейин ал 2016-жылы да аталган мелдештин жеңүүчүсү болгон.

Эскерте кетсек курама кошуундун мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 176 миң сом каралган.