Жаңылыктар
Күндүн темасы: Мөөнөтсүз визасыз режим канчалык зарыл?
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Мөөнөтсүз визасыз режим канчалык зарыл?

Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө 45 өлкө үчүн визасыз режимди киргизген биринчи өлкө болуп эсептелет. Биздин өлкөдөн кийин Казакстан  Өзбекстан ушундай  актыларды кабыл алган. Деген менен Кыргыз Республикасында башка өлкөлөрдүн жарандары визасыз 60 күн гана жүрө алышат. “ Кээ бир өлкөлөрдүн жарандары үчүн 60 күн визасыз эрежени киргизүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүнү киргизүү демилгеси эмне үчүн көтөрүлүүдө? Мында белгиленген мөөнөтсүз визасыз режим канчалык зарыл?  Биздин баш мыйзам жана башка мыйзамдык актыларга  каршы келбейби? 2020-жылга чейинки бул мыйзамды азыртан талкууга коюлушунун  себеби  эмнеде? 45 өлкөнүн катары толукталышыбы мүмкүнбү? Коррупциялык нормалар  камтылып кетпейби?  

Уктурууга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаментинин жетекчисиинин орун басары Чубак Оморов. Тышкы иштер министрлигинин паспорт визалык бөлүмдүн башчысы Бакыт Кадыров, телефон аркылуу  ЖКтин депутаты Дастан Бекешов туризм жаатындагы эксперт Кыргызконсепт мекемесинин президенти Эмил Үмөталиев  катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"