Жаңылыктар
Жети-Өгүздүн Кайнар айылында ат чабыш боюнча мелдеш өттү
Спорт
Жети-Өгүздүн Кайнар айылында ат чабыш боюнча мелдеш өттү

Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагынын Кайнар айылында 21-апрелде улуттук спорттун ат чабыш түрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Аны Кызыл-Суу айыл аймагынын тургундары Дамирбек Акунов, Анарбек Асамбаев, Камчыбек Алсеитовдар уюштурушту. Ага катышууга Ысык-Көл облусунун 5 районунан жылкы таптаган саяпкерлер чабандестери менен келишкен.

Ат оюндарына чоң жорго, бышты жорго, кунан жорго, аламан байге, кунан күлүк болуп жалпысынан 50дөн ашык жылкылар жарышка түштү. Соңунда ар бир жарыш боюнча 1-2-3-орундар берилди. 1- орунду алгандарга 10 миң сом, 2-орун үчүн 8 миң сом, ал эми 3-орунду алгандарга 6 миң сом сыйлык берилди.

Муну менен катар катышуучуларга диплом, медалдар тапшырылды. Иш-чарага Кызыл-Суу айыл өкмөтү тарабынан 50 миң сом берилген. Ал арада Кызыл-Суу айылындагы айрым ишкерлер тарабынан демөөрчүлөр да чакан жардамдарын көрсөтүштү. Эми бул мелдештер Кызыл-Суу айылында уланууда.