Май майрамдарынан улам кыргызстандыктар катары менен үч күн эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Өкмөттүн токтомуна ылайык, 30-апрель эс алуу күнү болот, бирок беш күн иштеген мекемелер 28-апрелде ишке чыгышат. Ошентип кыргызстандыктар 29-апрелде, 30-апрелде жана 1-майда эс алышат. Андан сырткары 5-май Конституция күнү ишембиге туура келгендиктен 7-май эс алуу күнү деп жарыяланды. Бирок 2-сентябрда Ысык-Көлдө баштала турган Көчмөндөр оюндарын элдин көрүүсүнө шарт түзүү максатында 7-майдагы эс алууну 3-сентябрга жылдыруу чечими кабыл алынды. Эми 5-6-майдагы эс алуу күнүнөн кийин 7-май иш күнү болот. 9-май Жеңиш майрамы эс алуу күнү болот.