Жаңылыктар
Кыргызстанда Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү фильм тартылат
Маданият
Кыргызстанда Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү фильм тартылат

Кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Жусуп Абдрахманов жөнүндө даректүү фильм тартылат. Буга байланыштуу тасманы тартуу үчүн кино режиссёрлор арасында сынак жарыяланды. Максаты - Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү фильм тартуу аркылуу кино тармагында кесипкөйлүктү, жаңычылдыкты, иновациялык идеяларды, жаңы технологияларды колдоо максатын көздөйт.

Фильмде Абдрахмановдун коомдук-саясий ишмердүүлүгү, саясий көз караштары, адамдык сапаттары ар тараптуу талдоого алынат. Ошондой эле анын улуттук лидер катары бейнесин ачып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо келечек муундардын мекенчилдик сезимин ойготуп, мамлекетке ак кызмат кылуунун таалим-тарбиялык өрнөктөрүн ачып көрсөтүүгө багытталат. Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү сценарий Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын көркөм кеңешинде кабыл алынып, кыргыз тарыхчылары тарабынан жактырылган. Сынактын жеңүүчүсү аталган даректүү фильмди тартуу укугун алат.