Жаңылыктар
Ош шаарындагы жайгашкан 12 кабаттуу үйдөн өрт чыккан
Кырсык
Ош шаарындагы жайгашкан 12 кабаттуу үйдөн өрт чыккан

23-апрелдин түнү болжол менен 11лер чамасында Ош шаарындагы Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Алынган маалыматтарга караганда, тилсиз жоо бешинчи кабаттагы № 22-23-батирлердин коридорунан тутанган. Кырсык катталаары менен, өрт өчүрүү кызматы тартылган. Алынган маалыматтарга караганда, бул батирлер көп жылдардан бери күнүмдүк ижарага берилип келген. 

Адистердин айтымында, аталган үй бир да жолу шаардык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция кызматкерлери тарабынан текшерүүдөн өткөн эмес. 18 чарчы метр аянтты каптаган өрт бир саатта өчүрүлгөн. 

Тез жардам унаасы менен облусттук бириктирилген клиникалык ооруканасына 6 жаран жеткирилген. Булардын ичинен 30 жаштагы аял эс-учун билбей жатса, дагы бирөө алган жараатынын оордугунан жандандыруу бөлүмүндө. Жарааты жеңил эки адам алгачкы медициналык жардамды алгандай кийин, үйлөрүнө жиберилген. Жабыр тарткандардын арасында студенттер да бар.