Жаңылыктар
Токтогул районунда тазалык акциясы уюштурулуп, 220 тонна таштанды чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул районунда тазалык акциясы уюштурулуп, 220 тонна таштанды чыгарылды

Токтогул районунун миңдеген тургундары тазалык акциясына чыгып, Бишкек - Ош унаа жолунун жээгин, район аймагындагы коомдук жайлардагы таштандыларды тазалашты. 

Жалпысынан 27 даана техника иштеп, 220 тонна таштанды жыйналды. Иш-чаранын максаты айлана чөйрөнү акыр чикирден арылтып, адамдардын тазалыкка болгон аң-сезимин ойготууну көздөйт.

Тазалык менен жаратылышты сактоого үндөгөн Токтогулдук тургундар, таң эрте район борборуна чогулуп, бир нече топко бөлүнүп, андан ары тазалай турган аймактарына тарап кетишти.

Таштандыларды тазалоодо Чычкан капчыгайында, тагыраак айтканда Бишкек - Ош унаа жолунун жака белине көбүрөөк басым жасалды. Себеби бул аймакта тазалык дегенди билбеген жарандардын айынан жолдун жээги акыр-чикирге толуп кеткен. Таштандыга жолдун жээги эле эмес, суу жээктери да толуп баштаган.

Иш-чара “Алатай” жаратылыш паркы менен биргеликте уюштурулган. Буга Бириккен улуттар уюуму колдоо көрсөтүүдө. Долбоордун максаты жаштарды тазалыкка гана үйрөтүү эмес, жаратылыш менен тыгыз байланышта болууга чакырат.