Жаңылыктар
Көмүскөдө иш алып барган кумарканалар
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүскөдө иш алып барган кумарканалар

Кыргызстанда кумар оюндарына мыйзам менен тыюу салынган. Бирок мындай жайлар көмүскөдө ишин улантууда. Буга мисал күн мурун Жалал-Абад шаарында ачыкка чыккан оюн клубу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жыл башынан бери бул багытта 19 кылмыш ишин козгогон. Серепчилер мындай ыпылас оюндарды укук коргоо кызматкерлери өзүлөрү жана криминал калкалайт деп эсептешет. 


Жалал-Абад шаарынын чок ортосунда иштеп келген кумаркана. Кеңсе мэриянын так маңдайынан орун алган экен. Тинтүү учурунда алты даана оюн жабдыгы табылды, анын жардамы менен кумар оюндары ойнотулуп турчу.

3 факты Жалал-Абад облусу боюнча гана. Ал эми жалпы республиканы алсак, ушул жылдын башынан бери Каржы полициясы мыйзамсыз кумарканаларга байланышкан 19 кылмыш ишин ачкан. Акыркы жолу оюн автоматтары жайгашкан кеңсе март айында борбор калаада табылган.

Кыргызстанда казино, утушка акча салынган кумар оюндарынын бардык түрүнө 2012-жылдан тарта тыюу салынган. Үч жылдан кийин, 2015-жылы парламент мыйзам кабыл алып, букмекердик кеңселер, ойнолуучу автоматтар тотализаторлор жайгашкан мекемелердин бардыгы жабылган. Адистер кумар оюндары мыйзам аркылуу чектелгени менен алар көмүскөдө кала берди дешет. Аларды калкалагандар криминал жана укук коргоо кызматкерлери өзүлөрү.