Жаңылыктар
Шабдан Нарматов: "Согушту биз көрдүк, келечек муун көрбөсүн"
Кыргызстан жаңылыктары
Шабдан Нарматов: "Согушту биз көрдүк, келечек муун көрбөсүн"

Кан майдандын каарын көрүп, мекен үчүн өмүрүн аябаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары жыл сайын суюлуп баратканы өкүндүрбөй койбойт. Бирок, жашы 100гө чукулдап калса да, жүрүм туруму тың, кыймыл аракети шайдоот, кызыктуу маек курууга куштар ардагерлерибиз да жок эмес. 


Таштак айылынын 94 жашка келип калган тургуну Шабдан Нарматов аксакалдын баскан турганы тың, айылдаштары менен кенен баарлашканды да жактырат. Шабдан аксакал Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кырчындай жаш курагында кан майданга аттанып, согуштун тагы али көз алдымда дейт.

Турмуштун катаал мезгилин, согуш апаатын баштан кечирген аксакал мындан ары тынчык болуусун басса-турса тилеп турат. Баштан өткөн баардык кыйынчылыктар келечек муундун өкүлдөрүнүн башына салбасын дейт. Эскерте кетсек, ардагердин көкүрөгү дагы бир жылдызга толукталды. Былтыр Кыргыз Республикасынын Ардактуу атуулу наамы ыйгарылган.

Согуш аяктагандан кийин Шабдан аксакал өзү туулуп өскөн жерине келип, айылдык кызга үйлөнүп, 4 уул, 4 кызды тарбиялап өстүрүшкөн. Бактылуу карылар учурда 30 неберинин, 27 чөбөрөнүн чоң-ата ,чоң-энеси болуп туран кези.