Жаңылыктар
Катуу шамалдан кийин Бишкектин айрым райондору жарыксыз калган
Өзгөчө кырдаал
Катуу шамалдан кийин Бишкектин айрым райондору жарыксыз калган

24-апрелдеги катуу шамалдан улам Бишкекте 8 электр тилкеси жарыксыз калды. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы билдирди. Маалыматтарга караганда, катуу шамалдан кийин үч саат бою шаардын сегиз электр тилкесинде жарык өчкөн. 

Учурда алардын ишин толук жандантуу аракети көрүлүүдө. Аламүдүн районунда 2, Ысык-Атада — 1 электр тилкесинде жарык өчкөн. Дарактар кулап, электр чубалгыларын басып калгандыктан жарык өчкөн. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдын кесепетинен кийинки чыгымдарды тактап жатканын билдирүүдө. 

Эске сала кетсек, 24-апрель күнү кечки саат алтыдан сегизге чейин Баткен жана Талас облустарынын аймагында секундасына 14-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Анда Талас районундагы бир нече турак жайдын чатырын шамал учуруп кеткен. Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамал болду. 

Бишкекте айрым жерлерде дарактар кулап, үйлөрдүн чатырын учуруп кеткени кабарланды. Шамалдан улам борбордук аянттагы желек учуп түшүп, бир катар райондордо жарык өчкөн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 24 метрден, ал эми тоолуу райондордо 35 метрден ашканда өзгөчө кырдаал деп эсептелет.