Жаңылыктар
Кыргыз тилинде анимациялык эки мультфильм тартылды
Маданият
Кыргыз тилинде анимациялык эки мультфильм тартылды

Кыргыз тилиндеги анимациялык эки мультфильм тартылды. Мына ушул эки мультфильмдин бет ачаары Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө болду. 

«Күч бирдикте” жана “Бала шаарды кантип сактап калды” деп аталган бул мультфильмдерге Данияр Абдыкеримов жана Нурбек Жумакалиев режиссёрлук кылган. 

Мультфильмди тарткан чыгармачыл топко Маданият министрлиги тарабынан сыйлыктар тапшырылды. Иш-чарада кыргыз эл жомокторунан алынган мультфильмдердин жеткинчектер үчүн тарбиялык мааниси чоң экени айтылды. 

Келечекте дагы ушул сыяктуу өспүрүмдөрдүн аң-сезимине оң таасирин тийгизген мультфильмдерди көп тартуу керек экени мерчемделди.