Жаңылыктар
Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт парламентте ант берди
Саясат
Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт парламентте ант берди

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт парламентте ант берди. Эске сала кетсек, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин программасын жана өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш 20-апрелде бекиткен болчу.

Ушул эле күнү Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү буйрукка кол койгон. Ал эми Абылгазиевдин талапкерлигин парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган. 

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын тарыхындагы отузунчу өкмөт башчы болуп калды. Ал эми өкмөттүн ант берүүсүнө катышкан Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөт мүчөлөрүн куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. 

Ант берүүнүн мааниси бул жерге чыгып эле текст окуп берип коюу эмес. Антты кыргыз эли эзелтеден ыйык тутуп, маңызына, жоопкерчилигине, касиетине баа берген. Ант ыйык нерсе, анын тузу, жүгү да оор болот. Ошону көтөрө билишиңер керек. Анттын ыйыктыгын түшүнбөгөндөрдүн тагдыры кандай болгонун өзүңөр көрдүңөр. Берген антыңарга бекем болгула,  - деди президент.