Жаңылыктар
Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитов бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитов бекитилди

Жогорку Кеңеш башкы прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин колдоду. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында кабыл алынды. Жамшитовдун талапкерлигине 109 депутат макул деген добушун беришти.

Өз кезегинде Өткүрбек Жамшитов эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ыраазычылыгын билдирип, элдин ишеничин актоого бардык күч аракетин жумшай турганын билдирди. 

Айтымында, башкы прокурорлук кызматында жумушту эң алгач прокуратура органдарын паракорчулуктан тазалоодон баштай турганын айтты. Юстициянын лейтенанты, 43 жаштагы Өткүрбек Жамшитов прокуратура органдарына 1997-жылы келген жана 2011-жылга чейин Талас, Ош жана Баткенде шаардык, райондук, облустук прокуратурада прокурордун жардамчысы, тергөөчү, прокурордун орун басары өңдүү кызматтарда иштеген. 

2011-2015-жылдары Баткен облусунда Лейлек районунун прокурору болгон. 2015-жылдан ушул күнгө чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.