Жаңылыктар
Кыргыз драма театрында Англиянын режиссеру сахналаштырган спектакль коюлат
Маданият
Кыргыз драма театрында Англиянын режиссеру сахналаштырган спектакль коюлат

Кыргыз театр маданиятында тарыхый окуя болгону турат. Англиянын Глоба Королдук театрынын  режиссеру  Сара Бергер  дүйнөлүк классик драматург У.Шекспирдин “Макбет” трагедиясын Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты менен сахналаштырды. POST1RIGHT 

Аталган спектакль улуу  жазуучунун 450 жылдык юбилейинин урматына арналат. Бул тууралуу театрдан маалымдашты. 

 


Театр сүйүүчүлөрү май айынын  1-2-3-4  күндөрү  Кыргыз улуттук драма театрында эң алгачкы кыргыз-британ театралдык долбоору болуп саналган У.Шекспирдин "Макбет" трагедиясынын бет ачарына күбө боло алышат. 

Дүйнөлүк классик драматург У.Шекспир XI жүз жылдыкта Шотландияда өткөн окуяны сүрөттөгөн бул трагедиясындагы  негизги тема - бийликке ач көздүк менен умтулган мансапкорлук жана мыкаачылыкты баяндайт. Чыгарманын негизги каарманы Макбетке анын даңазалуу эрдиктери аздык кылып, королдук такка жетүү үчүн мыкаачылык жолго түшөт.  

Макбет айым дагы күйөөсүнүн мындай оюн кубаттап, жубайлардын наадандыгы акыры  өлүм менен аяктайт. Спектаклдин негизги өзөгүн  ак менен каранын таймашы, пенделик напсинин азабы түзөт.  “Макбет”  кыргыз улуттук театрынын тарыхындагы биринчи жолку кыргыз-британ театралдык долбоору.