Жаңылыктар
Ошто мектептердин биринде 16 адам ууланды
Кырсык
Ошто мектептердин биринде 16 адам ууланды

Бүгүн Оштогу мектептердин биринде 16 адам ууланды. Окуя Амир-Тимур аймактык кеңешиндеги 54-мектепте катталган. Алардын 14ү жетинчи жана тогузунчу каласстын окуучулары экөө мугалимдер болгон. 

Алдын ала маалыматтар боюнча жабырлануучулар клейдин жытынан ууланышкан.  Учурда окуучулардын абалы турукташып жарымы үйгө чыгарылды. Ал эми ууландырган затты ким класстык бөлмөгө алып келгени боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"