Жаңылыктар
КТРКга Бишкектеги мектепте уулануу болду деген билдирүү түштү
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКга Бишкектеги мектепте уулануу болду деген билдирүү түштү

Бишкектеги мектепте дагы уулануу болду деп, 25-апрелде эртең менен "Ала-Тоо 24" каналына Ленин районуна караштуу Киргизия-1 айылынын тургунумун деп тааныштырган Гуля аттуу жаран телефон чалган. 

Ал 58-мектепте окуучулардын уулануусу катталып жатат деп кабарлаган. Биздин чыгармачыл топ дароо аталган мектепке барып, окуянын чын-бышыгын билип келди.

Көпчүлүк ата-энелер чогулуп күтүп алабыз деп телефон аркылуу кабарлаган Гуля Садыкова негедир алдын-ала убадалашкан жерден жалгыз тосуп алды. Колунда 3-класста окуган уулуна поликлиника тарабынан кан тапшыруу үчүн берилген жолдомосу бар. Айтымында дал ушул мектепте окуган уулу сыркоолоп калган.
Ушул тапта 58-мектепте окуу процесси үзгүлтүксүз уланып жатат. Окуучулар жана мугалимдер жамааты мектептин түптөлгөндүгүнүн 80 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында кызуу даярдык көрүүдө.