Жаңылыктар
Борбор калаада"Өлбөс полк" жүрүш кайсы көчөдө өтөрү такталды
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада"Өлбөс полк" жүрүш кайсы көчөдө өтөрү такталды

Борбор калаада"Өлбөс полк" жүрүш кайсы көчө жана кайсы жолдор менен өтөрү такталды. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңешинин маалымат кызматынан кабарлашты. Акция 9-майда өтөт. Катышуучулар Дайыр Асанов атындагы парктан чыгып Масалиев, андан соң Байтик баатыр көчөсү менен жүрүп отуруп, "Жеңиш" аянтына келишет. 

Жалпысынан 6,6 чакырым жолду басып өтүп, коопсуздук үчүн бир катар көчөлөр жабылат. Коомдук тартипке миң милиция кызматкери, элдик кошуунчулар тобу жана ыктыярчылар көз салып турат. 

Жүрүштү Дайыр Асанов атындагы улуттук аскер лицейинин аскердик оркестри, курсанттары жана согуштун ардагерлери түшкөн унаалардын колоннасы баштайт. Жүрүшкө чыккан адамдарды тез жардам унаасы коштоп жүрөт. "Өлбөс полк" акциясы Бишкекте бешинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы 30 миң адам жүрүшкө чыккан.