Мамлекетттик кызматкерлердин 40 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети кабарлады.
Маалыматка караганда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы кызматкерлердин саны 10 миңдин тегерегинде болсо, анын үчтөн бир бөлүгү аялдар.
Быйылкы жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызматкерлердин, күч кызматкерлерин эске албаганда, он сегиз миңден ашыгыраак.