Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэринин отчетун оппозиция жактырган жок
Саясат
Бишкек шаарынын мэринин отчетун оппозиция жактырган жок

Бишкек шаардык кеңешинин оппозициядагы "Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун угуп, "канааттандырарлык эмес" деп тапты. Анда негизги талкуу жол куруу жана анын сапаты, курулуш, жер сатуу, кымбат көчөттөр жана Ош базарындагы кайталанган өрт тууралуу болду. Калаа башчысынын айтымында, мектептерди, маданий жайларды, жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат. 

Быйыл Бишкекте план боюнча 100 көчө оңдолот деп кошумчалады. Бирок депутаттар Кытай гранты менен салынып жаткан жолдор эмнеге кайра бузулуп жатканын, алар эмнеге баланска алынбаганын сурашты. Мындан сырткары, 9 миң сомдук көчөттөр, кыйылган бактар туурасында нааразылык көп экенин дагы белгилешкен.