Жаңылыктар
Кара-Суудагы Савай каналынын суусуна белгисиз адам агып кетти
Кырсык
Кара-Суудагы Савай каналынын суусуна белгисиз адам агып кетти

Кара-Суу районунун Ак-Таш айылындагы Савай каналына түшүп кеткен белгисиз адамды издөө иштери бүгүн, 26-апрелде улантылып жатат. ӨКМдин маалыматы боюнча, азырынча ысымы тактала элек жаран сууга 24-апрель күнү саат 10:30 чамасында түшүп кеткени кабарланган.

Саат 18:00 чамасында РИИБдин кайрылуусунун негизинде ӨКМдин №102 куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө-куткаруу иштерине чыгып, бирок жыйынтык болгон жок. Ошондой эле издөө иштерине жергиликтүү тургундар жана 6 милиция кызматкери чыкты.