Кыргызстан Кытайга тооктун баш-шыйрагын жана колдонулбаган бөлүктөрүн экспорттой баштайт. Бул багытта макулдашуу жетишилип, кытай тарап уй-койдун ич эттери менен кургак сүт, балды алууга кызыктарлыгын билдиришкен. Экспортту жакшыртуу үчүн өлкөдө эпизоотикалык абал туруктуу сакталышы керек-дешет ветеринарлар.
Маалыматка ылайык кыргызстанда бул багытта абал туруктуу. Кыргызстан ЕАЭБтин жаңы эрежелери боюнча азык-түлүк продукцияларын кантип экспорттоп жатат?
Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"