Жаңылыктар
Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды
Саясат
Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды

Өткөн жумада отставкага кеткен премьер-министр Сапар Исаков УКМКга  суракка чакырылды. Аталган мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулаймановдун “Биринчи радиого” берген маалыматында мурунку өкмөт башчы “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорунун алкагында козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылган. 

Ал арада бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги абалды иликтөөгө алган депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунда электр борборду модеринизациялоого сарпталган 386 млн. доллардын чоо-жайы боюнча бир катар адамдардын аты атала тургандыгы белгилүү болду. 3 айга жакын убакыттан бери иликтеп жаткан депутаттык комиссия өз корутундусун чыгарып, элге жарыялоо алдында турат. Буга чейин да бир катар кызмат адамдары Бишкек ЖЭБ байланыштуу кызматтан алынып, айрымдары УКМК тарабынан кармалган. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"