Жаңылыктар
Кыргызстанда баңгизатка каршы күрөш кандай уланууда?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда баңгизатка каршы күрөш кандай уланууда?

Күндөн-күнгө баңги заттардын жаңы түрлөрү пайда болууда. Ал эми Кыргызстанда маңзаттын 86 түрүнө өкмөттүн атайын токтому менен тыюу салынган.

Тиешелүү кызматтар өлкөнүн аймагына баңги затын киргизбөө боюнча күрөштү канчалык күчөтпөсүн, бул бизнести жүргүзгөндөр күн сайын жаңы жолдор менен ташып, изин жашырып кетүүдө. Баңгизаттарга каршы күрөш тыным албай уланууда. Бүгүн БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча Борбордук Азиядагы башкармалыгы чоң жыйын өткөрдү. 


2017-жылы Афганистанда апийим өстүрүү 87 пайызга көбөйгөн. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 67 пайызга көп. Ошондо былтыр 328 миң гектар аянтка апийим айдалган.

Афганистанда өндүрүлгөн маңзаттын көлөмүнүн көбөйгөнү, Кыргызстанга да таасири чоң. Анткени, Европага чыга турган жол Кыргызстанда аркылуу да өтөт. Мисалы, 2017-жылы 4 айдын ичинде 14 кг оор баңги заты кармалган.

Тиешелүү кызматтар баңгизатка каршы күрөштү кыйла алга жылдырып жаңы ыкмаларды колдонууда. Бирок маңзатчылардын айла-амалы алардыкынан ашып түшүп, жаңы жолдор менен ташып үлгүрүүдө дешет адистер.