Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Бельгиядагы жардырууларды уюштурганын моюнга алды. Азыр полиция жардырууларга шектүү үч адамдын тек-жайын аныктап, издеп жатканын кабарлады.
Кечээ болгон жардыруудан 30дан ашык адамдын өмүрү кыйылып, 200 адам жарат алган. Брюсселдеги жардыруулар Завентем аба майданында жана Моленбек метростанциясында 22-март күнү болду. Бельгияда үч күндүк аза күтүү жарыяланып, коопсуздук эрежелери күчөтүлдү. Кененирээк Замира Нусубалиеванын материалында: