Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө капкаксыз калган кудуктар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө капкаксыз калган кудуктар көбөйдү

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө капкаксыз калган кудуктар көбөйүп баштады. Буга тынчсызданган шаар тургундары тиешелүү кызматтар адам өмүрүнө кооптуу жагдай жаратып жаткан кудуктардын оозун бекитсе дешет. 

Эске сала кетсек, буга чейин бети ачык калган кудуктарга киши кулап, көпчүлүгү денесинен ар кандай жаракат алып, кээ бири каза болгон фактылар да жок эмес. 


Капкасыз кудуктарды шаардагы көчөлөрдүн көбүнөн, ал гана эмес жөө адам баскан жолдордон да кезиктирсе болот. Кээ бири мына минтип, таштандыга толуп баштаган. Бети ачык калган кудуктар унаа жүрүүчү жолдордо да бар. Адистердин айтымында, кудуктардын капкагы темирден болгондуктан уурдалып жатыптыр. 

Негизинен кудуктар шаардык суу чарба, жылуулук берүү жана “Кыргызтелеком” ишканаларына таандык. Кудуктардын коопсуздук жагын камсыздоо да аталган ишканалардын мойнуна жүктөлгөн. Бирок тиешелүү кызматтар ага жакшы көңүл бурбай жатканы көрүнүп турат. Шаардык мэрия болсо жыл башында бул мекемелерге кат жүзүндө эскертүү берет.