Жаңылыктар
Ата мекендик өндүрүштөргө ЕАЭБдин талаптары тездик менен жайыла баштады
Экономика
Ата мекендик өндүрүштөргө ЕАЭБдин талаптары тездик менен жайыла баштады

Кыргызстан ушул тапта ата мекендик компанияларга ЕАЭБдин талаптарын жана стандарттарын тездик менен жайылта баштады. Кезегинде мындай кадам өндүрүштүн сапатынын жалпы деңгээлин, ишкерлердин өздөрүнүн сабаттуулугун өстүрүүгө түрткү болууда. Талаптардын негизгиси болгон ХАССП системасынын киргизилишин Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондусу да кубаттап, каржылык жактан колдоо көрсөтүүгө ишкерлерге эшик ачты. 

Евробиримдиктин базарына чыгуу үчүн Кыргызстандан өндүрүлгөн продукциялар эл аралык маанидеги ИСО жана ХАССП сыяктуу стандарттарга дал келиши керек. Алардын талаптарына жооп берүү үчүн, албетте көп каражат талап кылынат. Учурда өлкөдөгү өндүрүштөрдүн саналуусу гана ХАССП системасына жооп берет. Көбүнесе ишканалар али даярдык көрүп жатат.

ХАССП системасына Кыргызстандан биринчилерден болуп сүт азыктарын өндүрүүчү ишканалар кирген. Евробиримдиктин базарына кирген соң, ал жактагы өнөктөштөргө товарды тиешелүү көлөмдө, тийиштүү күнгө жеткирип берүү милдети бар. Мындай кадам керектөөчүлөр жана бүткүл дүйнө боюнча биздин өнөктөштөрдүн алдында жоопкерчиликти өстүрүүгө түрткү болуп келет.