Жаңылыктар
Таласта төө буурчакты айдап-себүү иштери башталды
Айыл чарба
Таласта төө буурчакты айдап-себүү иштери башталды

Быйыл Таласта төө буурчак былтыркыдан 1000 гектарга көбүрөөк айдалышы күтүлүүдө. Былтыр 54 миң гектардан ашык аянтка төө бурчак эгилген. Учурда төө буурчакты айдап-себүү иштери Таластын айрым айылдарында башталса, көпчүлүк айылдары акыркы күндөгү жаандан кийин талааларын даярдап жатышат.


Кен-Арал айылынын тургуну Шаршенбек Ормонбеков минтип 210 кг төө буурчактын уругун сорттоп, тазалап дайындап койгон. Аны 3 гектар жерине эгет. Былтыр ушул 3 гектар жеринен 4 тонна төө буурчак алган. Килограммын 53 сомдон сатып, калганын урукка быйылкыга алып койгон. Былтыр жерине жер семирткичтер тийиштүү өлчөмдө берилбей калгандыктан аз түшүм алган. Эми быйыл жакшылап дары-дармектерин да камдап алды.

Шаршенбек Ормонбеков сыяктуу эле айылда көпчүлүгү төөбуурчак эгүүгө даярдык көрүп жатышат. Дээрлик баардык айдоо талаалары айдалып, себүүгө даяр. Акыркы күндөрдөгү жаанга карап жатышкан дыйкандар эми бүгүн-эртен жер толук кургаса, эгүүнү баштаганы жатат. Айрымдары жерин айдатууга айылдык техникалардан эми кезек алышкан.

Белгилей кетсек, Таласта 105 миң гектар айдоо жер болсо анын 55 мин гектарына төө буурчак эгилери болжолдонууда. Былтыр 54 минден ашыгыраак гектарга төөбуурчак айдалган. Жалпы түшүм 95 мин тоннага чейин жеткен. Облус боюнча төөбуурчактан кийин эле тоют өсүмдүктөрү көбүрөөк эгилет. Былтыр жыйналган төөбуурчактын баасы 67 сомго чейин жогоруласа азыр килограммы 43-45 сомго сатылууда.