Жаңылыктар
"Өлбөс полк" акциясына даярдык иштери
Кыргызстан жаңылыктары
"Өлбөс полк" акциясына даярдык иштери

9-Май - Улуу жеңиш күнү дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, мурдагы советтер союзуна кирген мамлекеттерде салт болуп калгандай "Өлбөс полк" акциясы өтөт. Миңдеген адамдар Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларынын жана тылда эмгектенген туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жөө жүрүшкө чыгат. Көпчүлүктү бириктирген эл аралык акция быйыл ар кайсы өлкөлөрдө кандай уюштурулары телекөпүрө аркылуу талкууланды. 



“Өлбөс полк” акциясы боюнча телекөпүрө алты шаардын ортосунда уюштурулду. Бул Бишкек, Москва, Минск, Кишинев, Таллин жана Цхинвал. Талкууга СССРдин эл артисти, Орусиянын “Өлбөс полк” кыймылынын тең төрагасы Василий Лановой катышты.

“Өлбөс полк” акциясын биринчи жолу 2011-жылы орусиянын журналисттери уюштурган. Алты жылдын ичинде жүрүшкө миңдеген адам чыкты. Былтыр “Өлбөс полк” жүрүшү дүйнөнүн 80 мамлекетинде өткөн.

Бишкекте “Өлбөс полк” акциясы 2014-жылдан бери өтүп келет. Быйыл Кыргызстанда “өлбөс полк” жүрүшү 9-май күнү саат 10до, түштүк дарбазадагы Дайыр Асанов атындагы парктан башталат. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп жөө жүрүшкө чыккандар Масалиев, Байтик баатыр көчөсү менен жүрүп отуруп, “Жеңиш” аянтынан аяктайт. Маршруттун жалпы узундугу 6 чакырым 600 метр.