Жаңылыктар
Адил Тойгонбаев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Адил Тойгонбаев кармалды

Дубайда Адил Тойгонбаев кармалды, бирок аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечиле элек. Интерполдун Кыргызстандагы бюросу Эл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаевдин Бириккен Араб эмираттыгынан кармалганын маалымдагандыгын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 

Тойгонбаев 2005-жылдан бери укук коргоо органдары тарабынан изделип келет. Ал бир катар кылмыш иштери боюнча айыпталып, Интерполдун издөөсүнө да алынган.

Эске салсак, экс-президент Аскар Акаевдин мурдагы күйөө баласына 2005-жылдын 24-мартынан кийин издөө салынган. Ал - алдамчылык, уурдоо, салык төлөөдөн баш тартуу өңдүү бир катар оор беренелер менен айыпталган. Учурда Тойгонбаевди Кыргызстанга алып келүү маселеси такталууда.