Жаңылыктар
3 айда 70 миллион сомдон ашык салык төлөндү
Экономика
3 айда 70 миллион сомдон ашык салык төлөндү

Ушул жылдын 3 айында аймактардагы төлөмдөрдү ишке ашыруучу тейлөө түзүлүштөрү аркылуу 70 миллион сомдон ашык салык төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эседен ашык жана бюджетке төлөмдөрдүн суммасы дээрлик 3 эсеге көбөйдү. 

Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында төлөм терминалдары, мобилдик жана электрондук капчык, интернет-банкинг, мобилдик банкинг аркылуу салык төлөөчүлөр бюджетке 70 миллион сомдон ашык салык төлөшкөн. Учурда өлкө боюнча салыктарды төлөөгө мүмкүн болгон 2 миң 446 төлөм терминалы иштөөдө. Аймактарда мындай түзүмдөрдү пайдалануу менен салыктарды төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын жайылтуу өлкөдөгү салык чогултуу процедурасын жөнөкөйлөтөт.