Жаңылыктар
Борбор Азиядагы Америка университетине бомба коюлганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты
Кылмыш
Борбор Азиядагы Америка университетине бомба коюлганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты

Телефондон кабар берген адам изделип жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Жардыргыч зат бар деген маалымат милициянын 102 кызматына 26-апрелде саат 13:37де маалымат түшкөн. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери адамдарды эвакуациялап, имарат курчоого алынган жана сапёрлор издөө иштерин жүргүзгөн. 

Буга чейин да бир канча ирет милицияга ушинтип телефон аркылуу түшкөн маалыматтар жалган экени аныкталган. Күч органдары мындай маалымат берген адам үч жылга чейин камаларын эскертишет.