Жаңылыктар
Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери жолугушту
Дүйнө
Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери жолугушту

Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин чек арадагы Панмунжон кыштагында жайгашкан Тынчтык үйүндө расмий сүйлөшүү жүргүздү. Түндүк Кореянын башчысы 1953-жылдагы согуш аяктагандан бери Түндүк Кореянын аскердик демаркациялык сызыгынан өтүп, Түштүк Кореянын аймагына кадам таштаган алгачкы лидери болуп калды. 

Расмий Сеул жарыялагандай, аны чек арада жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:30да, Түштүк Кореянын Президенти Мун Чжэ Ин өзү тосуп алды. Түштүк Кореянын билдиргенине караганда, саммитте “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу, туруктуу тынчтык орнотуу, корей аралык мамилени алга жылдыруу” маселелери талкууланган. Бул Сеул менен Пхеньяндын тарыхтагы үчүнчү саммити. Буга чейин Түштүк Корея лидерлери 2000-жылы жана 2007-жылы Түндүк Кореяга барышкан.