Жаңылыктар
Өлкөнүн ички дүң продукциясынын беш пайызын туристтик тармак түздү
Экономика
Өлкөнүн ички дүң продукциясынын беш пайызын туристтик тармак түздү

Былтыр Кыргызстандын ички дүң продукциясынын беш пайызын туристтик тармак түздү. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Бишкекте өтүп жаткан туристтик форумда билдирди. 

Анын айтымында, мындай көрсөткүч буга чейин болгон эмес. 2023-жылга чейин ички дүң продукциядагы туризмдин көрсөткүчүн 10 пайызга көтөрүү пландалган. 2017-жылы Кыргызстандын чек араларынан 4,5 миллион чет элдик жаран кирген.